www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 4-февралга карата өлкө аймагындагы автомобиль жолдорунда жана ашууларында каттамдар үзгүлтүксүз жүрүп, жолдор ачык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Тактап айтканда, Чыйырчык, Талдык, Тоң-Мурун, Чапчыма, Төө-Ашуу, Өтмөк, Ала-Бел, Көк-Бел, Долон, Чар, Ак-Бейит, Туз-Бел, Кубакы, Кызыл-Бел ашууларында, ошондой эле Боом капчыгайында жол кыймылы үзгүлтүксүз уланууда.

Министрликке караштуу жол тейлөө ишканалары жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда кар тазалоо, тайгакка каршы инерттик материалдарды чачуу жана кар күрткүлөрүн тазалоо иштерин күнү-түнү жүргүзүп жатышат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги алыс жолго чыккан айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга ылайык алмаштырууга чакырат.

 

Последние новости