www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын  Баетов унаа жолунун абалы менен таанышты.

Ведомстводон билдиришкендей, министр жолду асфальттоо боюнча учурдагы даярдыктар жана иш-пландар менен жеринде таанышты.

Жол куруу башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2023-жылдын планына ылайык “Капиталдык салымдар” беренсинен каралган акча каражатынын эсебинен «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №1 жол куруу-башкармалыгы Нарын  Баетов автожолунда бир катар иштерди аткарды.

Анда, Нарын  Баетов автожолунун 115-120-чакырымынын узундугу 500 метрге, туурасы эки четинен 2 метрге кенейтилген. Жолдун четинен суу агып кетүү үчүн узундугу 660 метр жабык дренаж жасалып, суу өтүүчү түтүктөр 4 жерге орнотулуп, 5000 метрге шагыл төгүлүп жана тапталып жолдун негизи даярдалган. Ал эми 9-14-чакырымында 330 метр, туурасы 5 метрге кеңейтүү иштери, кыянын кырын бийиктиги 6 метрге жапыздатып кесүү жумуштары аткарылган.

Апрель айында жогоруда аталган жол бөлүктөрүндө жолдун негизи асфальт төшөөгө даярдалып жана асфальт төшөө жумуштары «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №1 жол куруу-башкармалыгы тарабынан жүргүзүлөт.

2024 -жылы Нарын  Баетов унаа жолунун 26 чакырымына асфальт төшөө пландалууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости