www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана ведомстволук мекемелердин жетекчилеринин катышуусунда чукул жыйын өткөрдү.
Жыйында өлкөнүн айрым аймактарындагы сел кырдаалы талкууланып, тиешелүү кызматтарга сел жүргөн аймактарды көзөмөлдөө жана жолдордун абалын туруктуу мониторинг жүргүзүү тапшырмасы берилди.
Ошондой эле Түндүк–Түштүк альтернативдүү унаа жолунда көзөмөлдү күчөтүү, техникаларды даяр абалда кармоо жана өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү милдеттендирилди.
Мындан тышкары, жайкы туристтик сезонго даярдык маселеси каралып, Ысык-Көлдө суу транспортун каттоо жана мыйзамдуу ишмердүүлүгүн камсыздоо боюнча рейддерди күчөтүү тапшырылды.
Ошондой эле көл жээктериндеги инфраструктураны иретке келтирүү, коопсуздукту күчөтүү жана тиешелүү ченемдик базаны өркүндөтүү боюнча иштерди активдештирүү зарылдыгы белгиленди.
Министр жарандардын жана туристтердин коопсуздугун камсыздоо министрликтин негизги багыттарынын бири экенин баса белгиледи.