www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев оор жүк ташуу эрежелерин бузгандарга жазаны күчөткөн мыйзам күчүнө киргенин эскертти.
Аткаминер салмак-габаритти көзөмөлдөө пунктуларын жана өткөрмө жайларды текшерип барган.
“Биздин өлкөнүн аймагына уруксатсыз киргендиги үчүн салынган айыптын өлчөмү төмөн болгон. Мындан улам чет өлкөлүк жүк ташуучулар эл аралык макулдашуулардын жана улуттук мыйзамдардын талаптарын сактабай, уруксаты жок өткөрүү пунктуларында транспорттук көзөмөлдөн өтпөйт. Ушуга байланыштуу Укук бузуу кодексине өзгөртүүлөр киргизилди”, — деди Текебаев.
Жаңы мыйзамда төмөнкүдөй айып пул салуу каралган:
уруксат кагазынын ээси башка бир жүк ташуучуга берип койгон учурда жеке жактарга 10 миң жана юридикалык жаткарга 30 миң сом;
чет өлкөлүк унаалар Кыргызстанда уруксат кагазга мөөр бастырбастан жүк ташыган учурда жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом;
товар ээси транспорттук документинде жүктүн массасы тууралуу жалган маалымат берсе жеке жактарга 3000, юридикалык тараптарга 13 миң сом;
ашыкча жүк жүктөп жолго зыян келтирүү фактысы жеке жактарга 17,5 миң, юридикалык тараптарга 55 миң сом;
эгер бир жыл ичинде нормадан жогору жүк жүктөгөнү кайталанса жеке жактарга 20 миң, юридикалык тараптарга 65 миң сом.
Булак: NazarNews.kg