www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду түзүлдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Аталган чечим Транспорт жана коммуникациялар министрлигине коюлган милдеттерди эффективдүү ишке ашыруу, натыйжаларга жетишүү үчүн жоопкерчиликти жогорулатуу максатында кабыл алынган.

Мындан улам жана өлкө президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 «Министрлер мабинетинин түзүмү жана курамы жана Президенттин администрациясынын түзүмү жөнүндө» жарлыгына ылайык, төмөнкүлөрдү түзүү чечими кабыл алынды:

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду;

- бир катар мамлекеттик ишканаларды жана мекемелерди кошуу жолу менен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы.

Буга катар төмөнкүлөрдү бекитүү чечими кабыл алынды:

1) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргыз автобекети» мамлекеттик ишканасынын уставы;

2) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызжолтрансдолбоор» долбоорлоо-изилдөө институту” мамлекеттик ишканасынын уставы;

3) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Өндүрүш-инновация борбору» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо;

4) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду жөнүндө жобо;

5) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын уставы.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасы жол-курулушу тармагындагы бир катар ишканалардын укук мураскери болуп эсептелет деп белгиленген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости