www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Салыктарды атайын органдарга барбай эле онлайн төлөөгө болот.

Мамлекеттик салык кызматы кыргызстандыктарга 1-сентябрга чейин бир катар мүлк салыктарын төлөө керектигин эскертти.

Алар төмөнкүлөр:

транспорт каражатына салык;

турак үй, батирге салык (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган);

үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык.

Салыкты өз убагында төлөбөгөн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып пул салынат. Ошондой эле ар бир кечиктирилген күн үчүн карыздын суммасына 0,09 пайыз өлчөмүндө туум кошулат.

Ведомство салыкты мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм терминалдары, ошондой эле банктардын кассаларынан жана почта бөлүмдөрү аркылуу онлайн режиминде төлөсө болорун кошумчалады.

Транспорт салыгы үчүн мүлк катталган район же шаар, ээсинин ИННи, транспорттун мамлекеттик номери жана салыктын суммасы, турак жай жана үй жанындагы жер участоктун салыгы үчүн – мүлк жайгашкан район, шаар же аймак, ээсинин ИННи жана салыктын суммасы көрсөтүлөт. Калган мүлк салыктары боюнча толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости