www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төрөбаев: Сүттүн майлуулугуна жараша баа аныкталат

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кант шаарындагы "Белая Река" ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, дыйкан-фермерлерден сүт сатып алуудагы баанын наркы боюнча маселеге токтолду. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министр Бакыт Төрөбаев өз сөзүндө сүттүн майлуулугуна жараша министрлик тарабынан баанын наркынын атайын сеткасы түзүлгөнүн, аны сүттү кайра иштетүүчү ишканалар милдеттүү түрдө илип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте эл кабардар болгондой шарт түзүш керектигин баса белгиледи. 

"Белая Река" ишкана чийки сүттү жана даяр сүт азыктарын даярдоо, кайра иштетүү, экспорттоо менен алектенет. Бүгүнкү күндө ишкана сүт өнөр жайынын алдыңкы компанияларынын катарына кирет. Ишканада – биокефирдин түрөлөрү, быштак, йогурт, айран, сүт, сүзмө, чалап сыяктуу сүт азыктарынын жогорку сапаттагы бир нече түрлөрү чыгарылат. 

Заводдо 140 адам эмгектенет. Орточо суткасына завод 60 тонна сүттү кайра иштетет.

Последние новости