www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын улуттук авиакомпаниясы Turkish Airlines жана арзан баада кызмат көрсөткөн AJet жалпы улуттук нааразычылык акцияларына байланыштуу аймактагы окуялардан улам Иранга бир катар учууларды токтотту. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.
Turkish Airlines жума жана ишемби күндөрү Тегеран, Тебриз жана Мешхед багыттарына пландаштырылган 17 каттам жокко чыгарылганын маалымдады.
Авиакомпания:
«Ирандагы аймактык окуяларга байланыштуу 9-январь (жума) жана 10-январь (ишемби) күндөрү Тегеран, Тебриз жана Мешхед багыттарына пландаштырылган 17 каттам жокко чыгарылды», – деп билдирип, жүргүнчүлөргө каттамдардын учурдагы абалын расмий веб-сайттан текшерип турууну сунуштады.
Түркиянын арзан баада кызмат көрсөткөн авиакомпаниясы AJet да ошол эле күндөрдө Тегеранга пландаштырылган алты каттам жокко чыгарылганын билдирди:
«Ирандагы аймактык окуяларга байланыштуу 9-январь (жума) жана 10-январь (ишемби) күндөрү Тегеранга пландаштырылган жалпысынан 6 каттам жокко чыгарылды», – деп белгилеп, жүргүнчүлөргө өзгөрүүлөр тууралуу маалымат берилгенин кошумчалады.
Иран декабрь айынын аягынан бери риалдын кескин девальвациясы жана экономикалык абалдын начарлашы менен коштолгон нааразычылык акцияларынын толкунуна туш болуп келет. Демонстрациялар 28-декабрда Тегерандын Чоң базарында башталып, андан кийин өлкөнүн башка көптөгөн шаарларына жайылган.
Иран бийлиги курмандыктар боюнча расмий маалыматты азырынча жарыялай элек.