www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түрк инвесторлору "Кадамжай сурьма комбинаты" ишканасы менен "Хайдаркен сымап" акционердик коомун калыбына келтирүүгө 50 миллион доллардан ашык инвестиция салууга даяр. Бул тууралуу Тоо-кен металлургия профсоюзунун борбордук комитетинин төрагасы Элдар Тажибаев кабарлады.

Маалыматка караганда, "Дува-Таш" ишканасы бул ишканалар менен кызматташууну жандантып, өндүрүштүк цехтерди калыбына келтирүү иштери башталды. "Ак-Таш" жана "Алтын-Жылга" кендерин биргелешип иштетүү боюнча келишим түзүлүп, эмгек акы жана милдеттүү мамлекеттик төгүмдөр боюнча карыздар төлөнүүдө.

Ишкананын башкы директору Малик Юсайдын айтымында, Айдаркендеги сымап комбинатынын шахтасынан сууну сордурууга атайын насостор тапшырылып, кычкылтек цехинде, асфальт-бетон заводунда, сурьма комбинатынын кичи ГЭСинде иштер жүрүп жатат.

Инвесторлор ишканалардын мейманканаларын, санаторийлерди капиталдык ремонттон өткөрүүгө, тигүү цехтерине, запастык тетиктерди жана жабдууларды чыгарууга, айыл чарба өндүрүшүнө инвестиция тартууну пландаштырууда. Мында кызматкерлердин саны эки миңге жетери кошумчаланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости