www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биргелешкен инвестициялык фондду түзүү Түрк мамлекеттеринин уюмунун Самаркандда өтүүчү саммитинде бекитилет, деп билдирди ТМУ башкы катчысы Багдад Амреев.
ТМУнун саммити 11-ноябрда Самаркандда өтөт.
"Биз Түрк инвестициялык фондун түзүүнү аяктадык, ал саммитте бекитилип, ишке киргизилет. Бул биздин экономикалык интеграция тармагындагы алдыга жасалган чоң кадам", - деди Амреев "Өзбекстан 24" телеканалына берген маегинде.
ТМУнун Башкы катчысы саммиттин катышуучулары ошондой эле транспорт коридорлоруна, бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүүгө, жеңилдетилген соодага байланыштуу бир катар документтерге кол коюшарын билдирди.
"Биз тейлөө жана инвестиция секторунда эркин соода режимин түзүү боюнча аракеттерди көрүп жатабыз", - деп кошумчалады Амреев.
Эске салсак, 2009-жылы түзүлгөн Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши (Түрк кеңеши) 2021-жылдын ноябрь айында Стамбул саммитинде анын аталышын Түрк мамлекеттеринин уюму деп өзгөртүү чечимин кабыл алган.
Уюмга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстан, Түркмөнстан жана Венгрия байкоочу катары катышууда.
Булак: NazarNews.kg