www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баку менен Ереван ортосунда тынчтык орнотуу «Азербайжандын мыйзамдуу укуктарынын негизинде гана» ишке ашырылышы мүмкүн. Бул тууралуу кечээ, 13-сентябрда Түркия президентинин расмий өкүлү Ибрагим Калын өзүнүн Twitter баракчасына жазды.
«Азербайжан-Армения чек арасындагы кагылышуулар тынчсызданууну жаратууда. Сүйлөшүүлөр уланып жаткандыктан, Армения чагымчыл аракеттерден алыс болушу керек. Тынчтык менен стабилдүүлүккө Азербайжандын аймактык бүтүндүгүнүн жана мыйзамдуу укуктарынын негизинде гана жетишүүгө болот. Түркия Азербайжанды колдойт», - деди Эрдогандын өкүлү.
Бүгүн эртең менен Түркиянын тышкы иштер министри Мавлуд Чавушоглу «Армения провокацияларды токтотуп, Азербайжан менен жетишилген келишимдин алкагында тынчтык сүйлөшүүлөрүнө жана кызматташууга көңүл бурушу керек» деп билдирди.
Эске сала кетсек, 13-сентябрга караган түнү Армениянын куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү Азербайжан-Армения мамлекеттик чек арасынын Дашкасан, Калбажар жана Лочин багыттарында ири провокация жасаган.
Армения менен Азербайжандын чек арасында салгылашуу 13-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 00:05те башталган. Баку Ереванды чагымчылдык үчүн айыптап, кагылышуунун себеби ушул экенин билдирди.
Расмий Бакунун маалыматына караганда, 12-сентябрга караган түнү Армениянын куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү Азербайжан-Армения мамлекеттик чек арасынын Дашкесан, Калбажар жана Лочин багыттарында ири провокация жасаган.
Булак: NazarNews.kg