www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Анкаранын Финляндия менен Швециянын НАТОго мүчөлүгү боюнча соодалашпай тургандыгын, алардын позициясы так жана түшүнүктүү экендигин айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Буга чейин президент Режеп Тайип Эрдоган Түркия аталган эки өлкөнүн НАТОго кириши боюнча процесстерге байкоо салып тургандыгын, азырынча бул маселеге оң караганга мүмкүн эместигин айткан.

Ал арада Финляндия президенти Саули Ниинистёнун Түркия лидери Эрдоган менен жолугуп, НАТОго мүчөлүк маселесин талкуулоого даяр экенин айтканын РИА Новости "Анадолуга" шилтеме берип кабарлады.

Эскерте кетсек, Финляндия менен Швеция көп жылдык нейтралдуулуктан баш тартып, НАТОго кирүү мүмкүнчүлүгү боюнча кеп кыла баштады. Альянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг бул мамлекеттер аскердик блокко кирүүнү кааласа НАТО аларды тез кабыл алууну камсыздай турганын билдирген. АКШнын НАТОдогу туруктуу өкүлү Жулиан Смиттин айтымында, уюм Швеция менен Финляндия жакынкы айларда же жумада альянска кирүү боюнча өз алдынча чечим чыгарат деп күтүүдө. Ал Кошмо Штаттар бул мамлекеттердин НАТОго кошулуу чечимин колдой турганын кошумчалаган.

Россия эки өлкөнүн НАТОго кошулушун колдобойт. РФтин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев эгер бул нерсе ишке аша турган болсо, чек араны бекемдөөгө туура келерин айткан. Себеби альянстын Россия менен болгон кургактагы чек арасы эки эсе узаргандыктан Москва НАТОнун агрессивдүү аракеттерине даяр турушу керек болот.

Буга чейин Түркия жана Италия Финляндия менен Швециянын НАТОго кирүүсүн колдобой тургандыктары боюнча маалымат тараган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости