www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия Иранды Израиль менен салыштырды

Түркиянын Тышкы иштер министри Хакан Фидан The National басылмасына берген маегинде Ирандын тышкы саясатын Израилдин аракеттери менен салыштырган талаштуу билдирүү жасады.

Фидандын айтымында, Тегеран ондогон жылдар бою өзүнө жакын куралдуу топторду түзүүнү «алдын ала коопсуздукту камсыз кылуу» деп түшүндүрүп келет. Анын пикиринде, бул Израилдин жакын аймактардагы аракеттерин өз чек арасын коргоо катары түшүндүргөн позициясына окшош.

Иран бул салыштырууну дароо четке какты. Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Эсмаил Багаи мындай пикирди «таң калыштуу жана түшүнүксүз» деп атап, Ирандын аймакта эч кандай таасирдүү өнөктөш куралдуу топтору жок экенин билдирди.

Ошол эле учурда Ирандын Ливандагы «Хезболла» жана Йемендеги хуситтер сыяктуу топторду көп жылдардан бери колдоп келгени айтылып келет. 

НАТОго мүчөлүгү менен ислам дүйнөсүндөгү лидерлик ролун айкалыштырууга аракет кылган Түркия бул билдирүүсү менен Ирандын тышкы саясатына олуттуу сын айтты. Бул окуя аймактагы геосаясий тирештин дагы бир көрүнүшү катары бааланууда.

Последние новости