www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия дипломатиялык каналдар аркылуу Израил менен Палестинага жаңжалды жөнгө салууда ортомчулук кылууга, анын ичинде бул өлкөлөрдүн лидерлеринин жолугушуусун уюштурууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новостиге Анкарадагы дипломатиялык булак маалымдаган.

"Кечээ эле президент мырза (Режеп Тайып Эрдоган) эки лидер менен (Израилдин жана Палестинанын) телефон аркылуу сүйлөштү. Бул абдан конструктивдүү сүйлөшүүлөр болду деп айта алам. Президент мырза тараптарды ок атышууну токтотууга жана сүйлөшүүлөрдү кайра баштоого чакырды. Өз кезегинде дипломатиялык каналдар аркылуу тараптар Анкаранын ар кандай ортомчулукту, анын ичинде лидерлердин жолугушуусун уюштурууга даяр экени тууралуу кабарлашты", - деп айтылат маалыматта.

Анын айтымында, Анкаранын дипломатиялык өкүлчүлүгү жаңжалды жөнгө салуу үчүн батыштык өнөктөштөр менен байланышты улантууда.

"Биз өнөктөштөрүбүздү жаңжалдын географиясын кеңейтүү коркунучу жөнүндө эскертебиз, бул күтүүсүз кесепеттерге алып келет", - деп кошумчалайт булак.

Эске салсак, 7-октябрда эртең менен Израилге Газа тилкесин башкарган исламчыл ХАМАС кыймылы массалык ракеталык сокку урган. Буга жооп кылып, Иерусалим антитеррордук "Железные мечи" операциясын баштаган. Анын биринчи фазасы 8-октябрга караган түнү аяктаган.

Чыр-чатактын күчөшүнүн натыйжасында израилдик тургундардын каза болгондорунун саны 700дөн ашты. Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, Израилдин Газа тилкесиндеги соккуларынан курман болгондордун саны 400дөн ашты.

Палестиналык аскерлер жүздөн ашуун израилдикти, анын ичинде жогорку даражалуу аскер кызматкерлерин туткунга алышкан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости