www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркия менен Ирандын өкүлдөрү эки өлкөнүн чек арасындагы коопсуздукту күчөтүү, мыйзамсыз миграцияга бөгөт коюу жана баңги заттарды аткезчилик жол менен ташууга каршы күрөшүү маселелерин талкуулашты.
Анадолу агенттигинин маалыматына ылайык, чек ара коопсуздугу боюнча жолугушуу Түркиянын Агры провинциясынын губернатору Ондер Бозкурттун төрагалыгы алдында өттү.
Түркиянын делегациясын Ондер Бозкурт жетектесе, Иран тараптан Маку аймагындагы чек ара аскерлеринин командири, полковник Мехди Хабибзаде катышты.
Жолугушууда чек арадагы коопсуздук чараларын күчөтүү, мигранттардын мыйзамсыз өтүүсүнүн алдын алуу жана баңги заттардын аткезчилигине каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча пикир алмашуу болду.
Мындан тышкары, бажы процедураларынын натыйжалуулугун арттыруу маселеси да каралды.
Тараптар чек ара коопсуздугу жаатындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.