www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын бийлиги тараткан жаңы маалымат боюнча, 6-февралдагы (7,8 балл) жер титирөөнүн курмандыктары 43 556 адамга жетти. Бул маалыматты ИИМдин жетекчиси Сулейман Сойлуга шилтеме берүү менен «Анадолу» жарыялады.

Сирияда 5,8 миң адам каза тапкан. Бирок бийлик көзөмөл кылган тараптагы каза болгон адамдардын саны бир нече күндөн бери жаңыртыла элек, деп билдирди «Аljazeera».

Түркияда 20-февралда саат 20:04тө 6,4 баллдык жер титирөө болгон. Андан кийин саат 20:07де кайрадан жер силкинип, анын күчү 5,8 баллга жетти. Жаңы жер титирөөнүн очогу Түркиядагы Дефне жана Самандаг райондорунда жайгашкан. Жер титирөө Ливан, Сирия (6 адам жаракат алды), Кипр жана Израилде сезилди. Кайталанган жер титирөөдөн кийин Түркияда 6 адам, Сирияда 5 адам көз жумганы белгилүү болду.

Европа-Жер Ортолук деңиз сейсмология борборунун маалыматы боюнча, дагы бир жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча 22-февралда саат 10:09да катталган. Анын очогу Диярбакыр шаарынан түндүккө 61 чакырымда, 5 км тереңдикте жайгашкан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости