www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Болгария, Черногория жана Түндүк Македониянын азыркы аракеттери Балканда жаңы кризисти жаратышы мүмкүн. Бул тууралуу түркиялык DikGazete эскертет.

Басылма үч республиканын бийлиги орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун учагы үчүн аба мейкиндигин жабуу менен акылга сыйбаган чечим кабыл алганын белгилеген. Орусияга каршы мындай аракеттердин кесепети туруктуулук сакталышы керек болгон чөлкөмдө чыңалууну күчөтүшү мүмкүн.

Ошону менен бирге София, Подгорица жана Скопье алар «Москвага каршы провокациялар үчүн АКШнын куралы болуп гана кызмат кылып жатышкандыгын» түшүнүүгө тийиш, деп белгилеген гезит.

Эске салсак, жекшембиде Болгария, Черногория жана Түндүк Македониянын лидерлери Орусиянын тышкы иштер министринин учагын өзүнүн аба мейкиндигинен өткөрүүдөн баш тарткан. Орусиялык делегация Белградга сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн барышы керек эле.

Кийин Орусия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Орусия батыштык өнөктөштөрүнө эрегишип «темир көшөгө» орнотпой турганын айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости