www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россия Түркияга токой өрттөрүн өчүрүү үчүн эки Бе-200 амфибия учагын жөнөттү. РФнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Түркия тарап жардам сураган.
Министрлик учактар Ростов-на-Дону шаарындагы Платов аэропортунан Мугла жана Измир шаарларына конушту.
Учакта сыйымдуулугу 12 тонналык суу резервуарлары, ошондой эле өрттү аныктоочу тепловизорлор орнотулган. Амфибияларды башкарган авиаторлор чет өлкөлөрдө өрттү өчүрүүгө бир нече жолу катышкан жана оор шарттарда иштөөгө даяр, деп кошумчалады ӨКМ.
Эскерте кетсек, буга чейин Түркиянын Хатай провинциясында ири табигый өрттү авиациянын жардамы менен өчүрүү иштери кайра башталганы кабарланган. Ал жердеги өрт 200 гектардан ашык аянтты каптаган. Өрттүн жайылышына шамалдуу аба ырайы жана 45 градустан ашкан ысык себеп болууда.
Булак: NazarNews.kg