www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын расмий өкүлдөрү украин данды экспорттоо үчүн биргелешкен координациялык борбор ачып, кемелер бир нече күндүн ичинде каттай баштаары күтүлүүдө. Киев БУУнун арачылыгы менен түзүлгөн келишимде каралган Кара деңиздеги порттор иштей баштаганын билдирди. Орусия Украинага толук масштабдуу согуш ачкандан бери арпа-буудайды чыгаруу блоктолуп калган.
Маалыматка караганда, жаңы борбор украин даны жүктөлгөн кемелердин коопсуздугун, аларда тыюу салынган курал-жарактын бар-жогун текшерүү ишин көзөмөлдөп турмакчы.
Согушуп жаткан эки тарап менен тең жакшы мамиледе болгон Анкара бул маселеде мунаса табууга көмөктөшкөн жана аны ишке ашырууда алдыңкы роль ойномокчу.
Орусия жана Украина айыл чарба продукциясынын дүйнөдөгү ири экспортерлору. Адистер согуш дүйнө жүзүндө ири азык-түлүк кризисин жарытышы мүмкүн деп эскертип келатышат.