www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва менен Киевдин кепке келүүсүнө негизги өбөлгөлөр түзүлүп калды, Владимир Зеленский тынчтык сүйлөшүүлөргө тыюу салган чечимин кайра карап чыгышы керек. Бул туурасында түркиялык серепчи Энгин Өзер айтканын РИА Новости жазды.

"Азыркы шартта тынчтык келишимине кол коюу кыйыныраак болот. Аскердик кылмышкерлердин соту, чек араларды аныктоо, делимитация жана компенсация сыяктуу маанилүү маселелер турат. Эл аралык практика эки тараптын бири капитуляция болмоюнча сүйлөшүп бир пикирге келүү мүмкүн эместигин көрсөтүүдө", — деген аналитик.

Орусия сүйлөшүүлөргө даяр экендигин бир нече ирет билдиргени менен Киев буга мыйзам жолу менен тыюу салган. Кремлден Москва үчүн атайын операцияда башкы максатка жетүү маанилүү багыттардын бири болуп тургандыктан азыр тынчтык нукка өтүүгө эч кандай өбөлгө жоктугун белгилешкен эле. Анткен менен Путин Россия Украина кризисин жөнгө салууга негиз болгон сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөн эч качан баш тартпагандыгын айткан. Кремлден Москванын талабы башынан белгилүү экенин, Украинадагы абал де-факто кырдаалды жана азыркы учурдагы шарттарды эске салып тынч нукка жылышы мүмкүн экенин белгилешкен.

Кийинчерээк Путин эгерде Украина диалогду кааласа, анда артисттик кылбай Россия менен сүйлөшүүгө тыюу салган декретти жокко чыгарышы керектигин дагы бир ирет баса белгилеген. Анын айтымында, Россия Украинадагы чатактын тынчтык жолу менен басылышына каршы болгон эмес, бирок мында РФтин коопсуздук кепилдиги сакталышы керек.

"Мындай макулдашуу — коопсуздук кепилдигинин сакталышы, туткундарды алмашуу, жарым-жартылай компенсация жана качкындардын мекенине кайтышы. Учурда сүйлөшүүлөрдүн негизги өбөлгөлөрү түзүлүп, кепке келүү бышып жетилип калгандай пикир жаралууда. Бирок сүйлөшүү үчүн негизги катышуучуларга, албетте, процесстен дипломатиялык маневр аркылуу өтүүгө туура келет. Бул жасалган кадамды эки мамлекеттин коомчулугу артка чегинүү катары кабыл албашы үчүн керек болот", — деген аналитик.

Өзердин айтканына караганда, аталган иш-чараны бүгүнкү күндө "Стамбул-2" форматынын шартында өткөрүүнүн зарылдыгы жок.

"Тынчтык сүйлөшүүлөрдү Украина менен Россиянын үчүнчү, ортомчу мамлекеттерди катыштырбай көзмө-көз өткөрүүсү процессти тездетмек", — деген Өзер.

Орусия атайын операцияны 2022-жылдын 24-февралында баштаган. РФ президенти Владимир Путин "ал Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо максатын көздөйт" деген. Ал атайын операция Орусиянын "башкача кылганга (Батыш — ред.) ылаажы калтырбагандан кийинки аргасыздан жасаган кадамы" экенин айткан. "Коопсуздук жаатында башкача жол менен реакция кылууга мүмкүн эмес болгонун" белгилеген.

Путиндин айтымында, Москванын НАТО менен Европадагы коопсуздук принциптери тууралуу 30 жылдан бери сүйлөшүүгө жасаган аракетинен майнап чыкпай алдамчылыкка, басымга кабылып келет. Ал арада альянс эскертүүлөргө карабай Орусиянын чек арасына жакындагандан жакындоодо.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости