www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда “Ислам мамлекети” террордук уюму менен байланышы бар деп шек саналып кармалган 33 киши шайлоону утурлай кол салууларга даярдык көргөн деп болжонууда.

Өлкөдө жалпы улуттук муниципалдык шайлоолор 31-мартта болот. Антитеррордук полициянын билдиришинче, Түркиянын түндүк-батышындагы Сакарья шаарында рейд учурунда курал, нак акча жана “уюштуруу иштеринин документтери” табылган.

Өлкөнүн ички иштер министри Али Ерликая кармалган адамдар мыйзамсыз мечит жана диний мектептерде иштеп, “Ислам мамлекети” уюмуна каржылык колдоо көрсөтүп жүргөнүн билдирди.

Соңку 10 жыл аралыгында Түркияда бул уюмга байланыштуу көптөгөн кол салуулар болгон. Январь айында Стамбулдагы чиркөө аткыланып, бир кишинин өмүрү кыйылган.

“Ислам мамлекети” тобу 2015-жылы октябрь айындагы кандуу кол салууга да катышы бар. Анкарадагы тынч митинг учурунда 100 киши мерт болуп, 246 киши жараат алган.

Последние новости