www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын чыгыш бөлүгүндө магнитудасы 5,0 болгон жер титирөө катталды. Бул тууралуу 18-июлда Европа-Жер Ортолук деңизи сейсмологиялык борбору (EMSC) маалымдады.
Сейсмологдордун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу 441 миңдей калкы бар Малатья шаарынан түштүк-чыгыш тарапка болжол менен 19 чакырым алыстыкта жайгашкан. Очоктун тереңдиги 16 чакырымга жеткен.
Учурда каза болгондор же кыйроолор тууралуу маалымат түшө элек. Түркиянын Өзгөчө кырдаалдарды башкаруу кызматынын маалыматына караганда, жер титирөө бир нече аймакта сезилген, бирок жабыркагандар катталган эмес.