www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда 650дөй киши шаурмадан ууланды

Түркиянын Кожаэли провинциясында дээрлик 650 жаран тоок этинен жасалган шаурмадан ууланганын Tengrinews.kz жазды.

Маалыматка караганда, окуя 3-апрелде Кожаэлинин Керфез районунда болгон. Дүкөндөн сатып алынган дөнерди жегенден кийин адамдар жүрөк айлануу жана кусуу менен ооруканага кайрыла башташкан. Учурда алардын арасынын эки кишинин абалы оор. 

«Облус боюнча жалпысынан 648 адам уулануу боюнча ооруканаларга кайрылса, алардын 646сы айыгып, экөөнүн дарылануусу уланууда, өмүрүнө коркунуч жок», — деп билдиришти жергиликтүү бийликтен.

Окуяга байланыштуу эки адам кармалган. Полиция дөнер саткан дүкөндү жапты. Адистер продукциянын үлгүлөрүн анализдөө үчүн алып, дөнер белгиленген стандартка жооп бербегенин аныкташкан.

Последние новости