www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда Инстаграмга кирүүгө чектөө коюлду

2-августта эртең менен Түркияда Технология жана коммуникациялар кеңешинин чечими менен Инстаграмга кирүүгө тыюу салынды. Бөгөттөөнүн себептери жана канча убакытка чектелгени айтылган эмес. Бул тууралуу бир катар ЖМКлар жазышты.

Birgün гезити мындай чечим Иранда ХАМАСтын башчысы Исмаил Ханиянын өлтүрүлүшүнө байланыштуу Инстаграмда көңүл айтууга бөгөт коюлганынан улам кабыл алынышы мүмкүн экенин маалымдаган.

Бирок бул болжолду Түркия президентинин администрациясынын байланыш бөлүмүнүн башчысы Фахреттин Алтун четке каккан.

Инстаграмды чектөөгө байланыштуу өкүмдү Анкара соту 2-августта күндүз чыгарары күтүлүүдө.

Последние новости