www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын Кахраманмараш провинциясында күчү 4,7 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу 14-мартта Түркия өкмөтүнө караштуу өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу башкармалыгы (AFAD) билдирди, деп жазат Anadolu.
Жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:47де Гёксун аймагында катталган. Жер титирөөнүн очогу 7 чакырым тереңдикте болгон.
Жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу азырынча маалымат жок.
Эскерте кетсек, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышындагы 6-февралда күчү 7,7 жана 7,6 баллга жеткен кыйратуучу жер титирөөлөр тогуз сааттык интервал менен катталган. Жер титирөө өлкөнүн 11 провинциясында жана коңшу мамлекеттерде, анын ичинде Сирияда да сезилген.
Булак: NazarNews.kg