www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда 26-29-ноябрда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Чыгармачылык делегацияны маданият министри Алтынбек Максутов жетектеп, бир катар көрүнүктүү өкүлдөр жана эл артисттери барат. Алардын катарында Роза Айтматова, Кыргызбай Осмонов, Абдылдажан Акматалиев сындуу расмий өкүлдөр бар.

Чыгармачылык топтун курамында "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамбли, Нурдин Түгөлов атындагы "Ак-Марал" мамлекеттик бий ансамбли, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисттери, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисттери, эстрада ырчылары, кол өнөрчүлөр жана кино коюучу топ, сүрөтчүлөр жана дизайнерлер болору айтылды.

Иш-чаранын алкагында өнөр адамдарынын концерттик программасы, кыргыз киносунун күндөрү, маданий жана адабий алакалар камтыган жолугушуулар, сүрөт, улуттук кийим жана кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү өтөт. Алар Анкара жана Анталья шаарларында уюштурулат.

Бул Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына, Түркиянын 100 жылдыгына жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналат.

Маданият күндөрдүн программасынын долбоору:

26-ноябрь

Анкара сүрөт жана айкел музейинде Кыргыз кино күндөрүнүн расмий ачылышы;

Анкара Чоң театрында Маданият күндөрүнүн расмий ачылышы.

27-ноябрь

Анкара сүрөт жана айкел музейинде Кыргыз кино күндөрүнүн уланышы;

Анкара шаарынын Гази университетинде "Кыргыз-түрк маданий жана адабий байланышы" аталышындагы конференция.

29-ноябрь

Анталья шаарындагы Хашим Ишжан маданий борборунда Кыргыз киносунун күндөрүнүн уланышы жана Маданият күндөрүнүн расмий жабылышы өтөт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости