www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик жана парламенттик шайлоо өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө баа берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Мамлекет башчы Түркияда мөөнөтүнөн мурда президенттик жана парламенттик шайлоолор өткөрүлбөй турганын билдирди.
«Ноябрда шайлоо болбойт, шайлоо келерки жылдын июнь айында болот», - деди ал.
9-июнда Бийликтеги Адилеттик жана өнүгүү партиясы (АКП) Түркиянын учурдагы президенти Режеп Тайып Эрдоганды кайрадан президенттикке талапкер катары көрсөткөн.
Белгиленгендей, саясатчы «Эл альянсы» – бийликтеги Адилеттик жана өнүгүү партиясы (АКП) менен Улутчул кыймыл партиясынын (МХП) биримдигинин өкүлү болот.
Эске салсак, Эрдоган биринчи жолу 2014-жылы Түркиянын президенти болгон. Ал 2018-жылы экинчи президенттик мөөнөткө ант берген. Андан соң июнь айында да шайлоо болуп, Эрдоган 52,59% добуш менен жеңип чыккан. Түркия президентинин инаугурациясынын алдында, 8-июлда өлкө боюнча 18 миңден ашуун мамлекеттик кызматкер иштен алынган. Ошондой эле 12 бейөкмөт уюм, үч гезит жана бир телеканал өз ишин токтотту.
Түркиянын Конституциясына ылайык, президент бул кызматка катары менен эки жолудан ашык эмес шайлана алат, ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 5 жыл. 2017-жылы референдумдун жыйынтыгында документке өзгөртүүлөр киргизилип, мөөнөттөрдүн саны кайра калыбына келтирилип, мамлекет башчысына бир эле учурда премьер-министрлик кызматты ээлөө мүмкүнчүлүгү берилген. Президент ошондой эле парламентти таратуу, өкмөттү дайындоо жана судьялыкка талапкерлерди көрсөтүү укугун алды.
Булак: NazarNews.kg