www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийликтеги Адилеттик жана өнүгүү партиясы (АКП) Түркиянын учурдагы президенти Режеп Тайып Эрдоганды кайрадан президенттикке талапкер катары көрсөттү. Бул тууралуу аталган бирикменин басма сөз катчысы Өмер Челик партиянын курултайынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында билдирди, деп жазат Гурсес гезити.

«Президентибиз Режеп Тайып Эрдоган 2023-жылы боло турган шайлоодо Элдик альянстын талапкери»,- деди ал.

Элдик альянс бийликтеги Адилеттик жана өнүгүү партиясы менен оппозициядагы ашынган оңчул Улуттук кыймыл партиясынын (MHP) коалициясы.

Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоо 2023-жылдын июнь айында өтөт. Гезиттин айтымында, түрк оппозициясы азырынча өз талапкерин көрсөтө элек.

Белгилей кетсек ,буга чейин, 1-июнда «Келечек» партиясынын лидери, Түркиянын мурдагы премьер-министри Ахмет Давутоглу «Карар» гезитине берген маегинде өзү көрсөткөн алты оппозициялык партиянын блогунан бирдиктүү талапкер чыгара турганын билдирген.

Эске салсак, Эрдоган биринчи жолу 2014-жылы Түркиянын президенти болгон. Ал 2018-жылы экинчи президенттик мөөнөткө ант берген. Андан соң июнь айында да шайлоо болуп, Эрдоган 52,59% добуш менен жеңип чыккан. Түркия президентинин инаугурациясынын алдында, 8-июлда өлкө боюнча 18 миңден ашуун мамлекеттик кызматкер иштен алынган. Ошондой эле 12 бейөкмөт уюм, үч гезит жана бир телеканал өз ишин токтотту.

Түркиянын Конституциясына ылайык, президент бул кызматка катары менен эки жолудан ашык эмес шайлана алат, ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 5 жыл. 2017-жылы референдумдун жыйынтыгында документке өзгөртүүлөр киргизилип, мөөнөттөрдүн саны кайра калыбына келтирилип, мамлекет башчысына бир эле учурда премьер-министрлик кызматты ээлөө мүмкүнчүлүгү берилген. Президент ошондой эле парламентти таратуу, өкмөттү дайындоо жана судьялыкка талапкерлерди көрсөтүү укугун алды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости