www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров жакында эл күткөн алгылыктуу кадамдардын дагы бирин жасады. Атай айтсак, Дача-СУ окуясын иликтөө иши жыйынтык бербей жатканын белгилеп, белгилүү саясатчы Алманбет Шыкмаматов башында турган коомдук комиссия түздү.

Комиссия азыр отурумдарын өткөрө баштады. 23-майда укук коргоо органдарынын маалыматын угуп, ага канааттанбаганын билдиришти. Комиссия мүчөлөрү тергөө объективдүү жүрбөгөнүн жана кулаган учактагы сырдуу жүктөрдүн ээлерин аныктоодо тыкыр иликтөө болбогонун сынга алышып, кийинки жыйында экспертизанын жыйынтыктары менен тааныштырууну талап кылышты.

Биз ушул маселе боюнча Дача-СУ окуясын иликтеген комиссиянын мүчөсү Самсалы мырзаны кепке тарттык.

— Самсалы аке, Дача-СУ боюнча түзүлгөн комиссиянын кандай иш алып барып жатат? Комиссияга кандай маалыматтар белгилүү болду?

— Комиссия өз иликтөөсүн баштаган. Иш кетип атат. Буга чейин комиссиянын эки жолку олтурумун өткөрдүк. Комиссиянын регламентин иштеп чыгып, бекиттик. Тышкы Иштер Министирлиги аркылуу Гонконгко да, Стамбулга да, так ошол каттамга байланыштуу баардык маалыматтарды берүүсүн өтүнүп кат жөнөттүк.

Жүк кимдерге таандык эле, эмне жүк эле, Кыргызстанга делген жүк бар беле деген сыяктуу суроолор менен. Мындан сырткары, Дача-СУда болгон авиа кырсыкты иликтеген баардык мамлекеттик органдардан маалыматтарды топтоп жатабыз.

Ага катар, ИИМде түзүлгөн тергөө тобунун маалыматын угуп, Башкы прокуратуранын ошол каргашалуу окуя боюнча алып барган иши менен тааныштык. Азыр ал кылмыш ишти УКМК тергеп жатыптыр. Эмне себептен ИИМ ал ишти тергеп бүтүрө алган жок, эмнеге УКМКга өткөрүлүп берилди деген маселенин баарын тактап жатабыз. Бул жерде азырынча жооп табылбаган суроолор көп.

Тергөө толук кандуу жүргөн эмес. Көп иштер чала же бүдөмүк. Бир гана ачык болгон нерсе, Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин (МАК) авиациялык кырсыктарды иликтөө комиссиясы Дача-СУдагы авиа кырсыктын себебин тактап, учкучтардын кетирген катасы – кыйроонун башкы себеби болгон деп атаган.

МАКтын ал бүтүмү 2020-жылдын февраль айында жарыяланыптыр.

— “Комиссия Атамбаевдин мойнуна дагы бир кылмышты илиш үчүн түзүлдү” деген ойлорго не дейсиз?

— Комиссиянын максаты ошол каргашалуу окуядан улам эл оозунда айтылып, бирок бүдөмүк болуп жоопсуз калган суроолорго жооп берүү. Ачыктоо. Өзүң билесиң, ошол маалда “Кулап түшкөн учактагы жүк баланчаныкы имиш”, “Жүк контрабанда экен”, “Элден топтолгон каражаттын дайыны чыкпай кетти, жеп койду да” деген сыяктуу ар кандай ушак-айыңдар желдей тараган.

Комиссия ошол сөздөрдүн чын-төгүнүн иликтеп, чекит коёт. Эгер чындап эле Кыргызстан тараптан бийлик өкүлдөрүнүн же дагы бир кимдир бирөөлөрдүн катышы болсо баары ачыкталат.

Жаап-жашырууга, бурмалоого, саясатташтырууга жол бербейбиз. Эл чындыкты билсин. Комиссиянын иликтөөсү кандай жыйынтык берсе, элге ошону жеткиребиз. Комиссиянын курамы да жөнөкөй эмес, өзүңөр көрүп жатсаңар керек, калемпир менен мурч.

Ар кандай катмардын, ар кандай топтордун өкүлдөрү. Жаш туруп далай чуулгандуу иштердин бетин ачкан кыргыздын мыкты кыз-жигиттер катарыбызда бар.

— Ошол маалдагы бийлик чындыктын оозун бууп, кимдин жүгү экенин айттырбай койгон деген сөздөр бүгүнкү күнгө дейре айтылып келет. Бул туурабы?

— Эл оозунда айтылып жүргөн так ошол сөздөр боюнча да комиссия иш алып барып жатат. Ал сөздөр мүмкүн чындыр, а мүмкүн жөн гана саясат үчүн атайын чыгарылган ушактыр. Эл оозунда элек жок дейт эмеспи кыргыз.

Азырынча алдын ала аныгын билбей туруп бир нерсе деш туура эмес болуп калат. Күмөндүү жагдайлар бар, бирок анын баарын текшерип, далилдеп туруп гана айтып чыкпаса болбойт. Эсиңдеби, ошол авиа кырсыктан бир аз убакыт мурун аэропорттон келаткан контрабандалык эки унаа уюлдук телефондор менен кармалды деген маалымат да чыккан, ал турмак ошол окуяны иликтеп жүргөн бир партиянын мүчөлөрүнүн видеосу да соцсеттерде пайда болгон.

Кийин “кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты” болуп жок болгон. Сот чыгарып ийди, андай экен, мындай экен деген сөздөр айтылган, ошол жагдайлардын баары иликтенет.

Дегеле мындай комиссиянын түзүлгөнү жакшы болду. Эл оозунда айтылган сөздөр чын болсо чын деп, калп эле саясат үчүн чыгарылган ушак болсо ушак деп чекит коюшубуз абзел. Элде күмөнсүгөн же шек санаган ойлор калбасын.

— Кырсыктан жапа чеккендерге берилген жардамдар өз дарегине жеткен-жетпегени боюнча иликтейсиздерби?

— Коомдук комиссияны түзүүнүн бирден-бир себеби да так ушул элден чогулган каражаттын жабырлануучуларга толук жеткен-жетпегенин аныктоо. Азырынча бизге белгилүүсү, жабыркагандарга деп эл тарабынан 102 миллион сом чогулган экен. Кыргыздын эң жакшы касиети ушунда да, жакшылык-жамандыкта бир муштум болуп биригип кол кабыш кылып жиберет.

Ошол акчалар Дача-СУ окуясында каза болгон 35 Кыргызстандыкка калыс, туура жеткенби аны да комиссия иликтейт. Ал жерде Түркиялык авиакомпания берген компенсация да иликтенет. Дегеле ошол окуяда болгон ошол кездеги бийликтин иш-аракетине баа берилет.

Эгер мүчүлүштүктөргө жол берген, же шалаакылык кылган аткаминерлер болсо алар да айтылат. Жоопкерчилиги каралсын деп жогор жака сунуш да жөнөтөбүз. Анан дагы бир орчундуу нерсе, Президенттин жарлыгы менен түзүлгөн комиссия, Дача-Су тургундарын мындан ары андай кырсыкты болтурбоо, алдын алуу максатында ал жерден башка аймакка көчүрүп кетүү боюнча сунуш берет.

Андай сунуш келтирүү жарлыктын өзүндө жазылган. Менимче Сокулук районунун бир жеринен аларды көчүрүп кеткенге жер табылат. Баш-аягы 600 түтүндөй үй-бүлө жашаса керек эле.

— Дача-СУдагылар менен байланышыңыз барбы?

— Дача-СУда менин 60тан ашык айылдашым жашайт. Алардын көйгөйү мен үчүн илгертен бери белгилүү. Шаардан үй алганга чама-чаркы жетпегендер, тээ 2000-жылдардан тарта көчүп кетип аткан орустардын дачасын сатып алышып, отурукташып калышкан.

Ошол күндөн бери алар балдарын мектепке бералбай, ооруканага көрүнө албай, каттоого туралбай далай азап жешти. 2017-жылдагы авиа кырсыктан кийин башка жакка көчөбүз деп өтө катуу аракет кылышты, кошулуп да чуркашкам. Бирок ошондогу бийлик көйгөйдү чечалган жок.

Мен билгенден ал айылда 600 дөй түтүн эл жашайт. Анын баары ички миграциянын кесепетин тартып, айылдардан көчүп келген адамдар. Эгер беш жыл мурункудай кырсык кайталанбасын десек, биз Чүй боорунун башка тарабынан жер ажыратып, аларды тез арада кооптуу жерден көчүрүп кетишибиз керек.

Адамдагы эң кымбат нерсе-өмүрү эмеспи. Качан барсаң учактын добушунан чоочуп жашап атканын көрөсүң. Ал жердеги элге убал эле болду.

Булак: Жаңы-Ордо гезити

Последние новости