www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Кыргызстандан Орусияга алгачкы поезд жүрөт

Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда пандемиядан берки алгачкы поезд каттамы жанданат.

Бүгүн, 6-июнда Кыргызстандын Орусияга темир жол каттамы кайрадан ачылат. Бишкектен Казан шаарына алгачкы поезд кечинде жолго чыгат.

8-июнда Самара, 9-июнда Новосибирск шаарларына каттамдар башталат.

Орусияга поезд каттамы Казакстан аркылуу өтөт. "Кыргыз темир жолу" ишканасы Казакстандын эрежеси боюнча жүргүнчүлөрдө соңку 72 саатта жасалган ПЧР тесттин вирус жок деген сертификаты талап кылынарын 25-майда эскерткен. Беш жашка чейинки балдар үчүн сертификат талап кылынбайт. Орусиянын талабына ылайык, Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө эмес өлкөлөрдүн гана жарандарынан ПЧР тесттин жыйынтыгы суралат.

Кыргызстандын эл аралык темир жол каттамы 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу токтогон.

Буга чейин кыргызстандыктар Орусияга негизинен аба каттамы аркылуу гана барып-келип турушкан.

Расмий маалымат боюнча, азыр бир миллиондон ашык кыргызстандык Орусияда иштейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости