www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын Анкара шаарынан 23-күнү кечинде учуп чыккан учак кыйрап, анын ичиндеги Ливиянын армиясынын Башкы штабынын начальниги Мухаммед ал-Хаддаж мерт болгону айтылды. Бортто Мухаммед ал-Хаддад баштаган беш жүргүнчү болгон. Учактын кыйраган себептери азырынча белгисиз.
Түркиянын ички иштер министри Али Ерликай Х социалдык тармагындагы баракчасына Falcon 50 үлгүсүндөгү учак Анкарадан 20:10до учуп чыкканын, бирок 20:52де байланыш болбой калганын жазды. Учактын сыныктары Хайман районуна караштуу Кесиккавак айылынан эки чакырым алыс жерден табылганын билдирди.

Ливиядагы улуттук биримдик өкмөтүнүн башчысы Абдел Хамид Дбейба бул маалыматты ырастады. Ал жалпы улут, эл жана аскер үчүн бул оор жоготуу экенин белгиледи. 

Расмий маалыматка ылайык, Мухаммед ал-Хадид Анкарада Турциянын Коргоо министи Яшар Гюлер менен жолуккан жана тараптар Түркиянын аскерлерин Ливияга жайгаштыруу маселесин талкуулашкан. Мындай сунуш түрк парламентинин кароосуна Ливиянын Бириккен Улуттар Уюму тааныган өкмөтүнүн кайрылуусунан улам киргизилген.

Последние новости