www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Туркияда Президенттик шайлоо жакындаган сайын саясат кызый баштады. Зилзала болгондон кийин оппозиция башчылары Президент шайлоо мөөнөтүн кийинкиге жылдырып салат деген ой менен "шайлоо өз мөөнөтүндө өтүшү керек" деп катуу талап менен чыгышты. Оппозиция бул алааматтагы кыйроолорго, жоготууларга учурдагы бийлик жоопту деген билдирүүлөрдү жасап, алдыдагы шайлоодо упай топтогусу келип жатканы көрүнүп турат. Президент Тайип Эрдоган дагы бул алааматты шылтоолоп, шайлоону бир жыл кийинкиге жылдырып койсо деле болмок. Бирок, анын да өз эсептөөлөрү бар окшойт, чечкиндүү түрдө "Президенттик шайлоо мен мурун жарыялагандай 14-май күнү өтөт" деп жарыя салды.
Бийлик тарабынан Президенттике талапкер башынан белгилүү. Ал - Режеп Тайип Эрдоган. Ал эми оппозиция бир жылдан бери "Алтылы маса" (Алтылык стол) деген аталышта алты оппозициялык партияны бириктирген байма-бай жыйын өткөрүп келишти. Бирок, кечээ күнү "Ийи партия"нын башчысы -- Мерел Акшенер: "Биз бир жылдан бери оппозиция күчтөрү биригип президенттике татыктуу бир талапкер алып чыгалы дегенбиз. Бирок бул олтурушубуз эл колдой турган талапкерди эмес, бир адамды (Кемаль Кылычдароглу) талапкерлике бекитип бере турган нотариуска айланып калды. Ошондуктан мен бул олтуруштан чыктым. Ошол эле учурда Стамбул жана Анкара шаарларынын мэрлерин чечим кабыл алгыла деп чакырам." - деди.
Бүгүн болсо Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглу менен Анкара шаарынын мэри Мансур Яваш билдирүү жасап, өздөрүнүн (ЖХП) партиясынын торагасы - Кемаль Кылычдароглуну колдой турганын билдиришти. Бул билдирүүдөн кийин Мерал Акшенер да өз партиясын чогултуп жатканы айтылып жатат.
Мурдараак президенттике талапкер болуп чыкпасын билдирип келе жатты эле, эми кандай чечим кабыл алаар экен деп күтүлүүдө.
Негизинен алдыдагы Президенттик шайлоого негизги талапкерлер белгилүү болуп калды. Бийлик тараптан - Эрдоган, ал эми бириккен оопозициядан - Кылычдароглу. Кылычдароглу Эрдогандан 5 жаш улуу экенин эске алганда, буга чейин Эрдоган үчүн кайсы бир деңгээлде добуш алууда тоскоолдук жаратат деген жаш айырмачылыгынын мааниси калбай калат.
Булак: NazarNews.kg