www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиядагы катуу жер титирөөдөн курман болгон Медина Бактачиеванын сөөгү жерге берилди. Муфтияттан кабарлашкандай, акыркы сапарга узатуу зыйнаты Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылында өттү.

Коштошуу зыйнатына Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Маматаев Эркинбек баштаган райондук жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков жана дин кызматкерлери катышты.

Нематулла ажы Жээнбеков каза болгон кыргызстандык Медина Бактачиеванын үй-бүлөсүнө облустук казыяттын атынан 30 миң сом акчалай жардам тапшырды.

Медина Бактачиева Түркияда жашап эмгектенип жүргөн. Ал 6-февралда катталган зилзаланын курмандыгы болгон. Анын артында 1 уулу калды. Эне-бала 6 жылдан бери көрүшө электигин айылдаштары айтты.


Булак: NazarNews.kg

Последние новости