www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган март айындагы муниципалдык шайлоо анын карьерасындагы акыркы шайлоо болорун айтты. Бул тууралуу «Deutsche Welle» басылмасы жазды.

«Мага мыйзам тарабынан берилген ыйгарым укуктарды эске алганда, бул шайлоо менин акыркы шайлоом», - деди ал Түркиянын жаштар фондунун жыйынында. Ал өзүнүн консервативдүү «Адилеттүүлүк жана өнүгүү» партиясы кызматтан кеткенден кийин бийликте каларына ишенерин айтты.

Эрдоган 2003-жылы премьер-министр, андан кийин 2014-жылы президент болуп шайланган. 2017-жылы конституциялык өзгөртүүлөр премьер-министрлик кызматты жоюп, Эрдоганга толук аткаруу бийлигин берген. Өткөн жылдын май айында Эрдоган президенттик шайлоонун биринчи айлампасында көпчүлүк добушка жетпей калган. 2014 жана 2018-жылдары ал эч кандай шартсыз жеңишке жетишкен, анда добуш берүүнүн экинчи туру болгон эмес.

2019-жылы «Адилеттүүлүк жана өнүгүү» партиясынын талапкерлери Түркиянын эң көп калкы бар шаары Стамбулда жана өлкөнүн борбору Анкарада өткөн муниципалдык шайлоодо оппозициядагы Республикалык элдик партиянын талапкерлерине утулуп калган. Эрдоган 1994-1998-жылдары Стамбулдун мэри болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости