www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Эрдоган шейшемби күнү Сауд Арабияга, ал эми шаршемби күнү Египетке барат. Бул тууралуу түрк басылмасы жазып чыкты.
Коммуникация башкармалыгынын башчысы Бурханеттин Дуран Эрдогандын Эр-Риядда Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман менен жолугуп, Түркия менен Сауд Арабиянын ортосундагы тереңдеген кызматташтыкты, ошондой эле аймактык жана глобалдык маселелерди талкуулай турганын билдирди.
Дуран президенттин андан кийин шаршемби күнү Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сисинин чакыруусу боюнча Каирге барып, Түркия-Египет жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин экинчи жыйынына теңтөрагалык кылаарын маалымдады.
Ошондой эле Египетке сапарында Эрдоган менен Сисинин эки тараптуу маселелерди талкуулап, аймактык жана эл аралык окуялар, өзгөчө Палестина маселеси боюнча пикир алмашары күтүлүп жатканын айтты.
Дуран Эрдогандын Каирге сапарында Түркия-Египет бизнес форумуна да катышууну пландап жатканын кошумчалады.