www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кадамжай РИИБдин башчысы милициянын полковниги Болот Кундузов район аймагындагы коомдук тартипти сактоо жана жарандардын коопсуздугун алдын алуу максатында Үч-Коргон айыл аймагында жергиликтүү тургундар менен жыйын уюштурду. Жыйынга Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Баяке уулу Болоткан менен чогуу катышып, Үч-Коргон айыл аймагындагы коопсуздук боюнча маалыматын берди. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө кылмыштуулуктун, үй-бүлөлүк зордук зомбулукту болтурбоо жана укук бузуулардын алдын алуу, ошондой эле акыркы учурда кеңири жайылып жаткан интернет алдамчылык боюнча түшүндүрүү жана профилактикалык иштер жүргүзүлдү.
