www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстан Европа өлкөлөрүнө табигый газ жеткирүүгө даяр, деп билдирди өлкөнүн мурдагы президенти жана Халк Маслахатынын (Элдик кеңеш) төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов «Euronews» телеканалына берген маегинде.

Бердымухамедов Европа — дүйнөдөгү эң ири энергетика рыногунун бири деп атады. Анын айтымында, Ашхабаддын Европа менен кызматташтыгы эки тарапка тең пайдалуу болмокчу.

«Түркмөнстан табигый газды жеткирүү боюнча европалык өнөктөштөр менен тыгыз иштөөгө даяр. Максаттуу аракеттер үчүн жолдордун бири Транскаспий маршрутун ишке ашыруу», деген саясатчы.

Бердымухамедов Ашхабадда жана Брюсселде парламенттер аралык жолугушуулар дайыма болуп турарын белгилеген.

2024-жылдын мартында Бердымухамедов Ашхабад өз газын Түркияга жана Европага жеткирүүнү көздөп жатканын билдирген. Анын айтымында, отун Түркияга жана Европага эки жол менен жеткирилиши мүмкүн - Каспий деңизи жана Азербайжан аркылуу же Тегеран менен келишим түзүү шарты менен Ирандын куур инфраструктурасы аркылуу.

Саясатчы Түркмөнстандын Галкыныш кенинде 27 трлн куб. м газ бар экенин белгиледи.

Последние новости