www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов алабай иттерин өлкөдөн алып чыгууга чектөө киргизген жана алардын генефондун коргоо боюнча мамлекеттик чараларды көргөн мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өкмөттүк “Нейтральный Туркменистан” гезити жазып чыкты.

Демилгенин текстине ылайык, аталган тукумдагы бардык күчүктөр мамлекеттик окуу китебине жана асыл тукум иттердин реестрине белгилениши керек. Алардын ээлери үй жаныбарынын жынысы, туулган күнү, түсү жана башка өзгөчөлүктөрү тууралуу маалыматтарды камтыган атайын паспортторду алып жүрүүгө аргасыз болушат.

Кошумчалай кетсек, мыйзамда "психикасы ар башка" иттердин мушташын ырайымсыздыкка теңеп, кылмыштуулук деп эсептелет. Тескерисинче, “ит багуу жаатындагы ийгиликтүү эмгектер” мамлекеттик сыйлыктар менен кубатталмакчы.

Иттерди Түркмөнстандын аймагынан алып чыгуу үчүн ээлери бул чечимдерди өкмөт менен макулдашкан ыйгарым укуктуу органдан уруксат алышы керек.

2021-жылы Түркмөнстандын экс-президенти Гурбангулы Бердымухамедов “Эмгек сиңирген ит багуучу” жана “Элдик ит багуучу” ардактуу наамдарын, ошондой эле “Түркмөнстанда жылдын эр жүрөк Алабайы” медалын негиздеген. Парламенттин депутаттары тиешелүү чечимдерди президенттин “улуттук тарыхый-маданий мурастарды сактоо жана жайылтуу” аракети менен байланыштырышкан. Ал эми, 2020-жылдын ноябрь айында экс-президент Ашхабадда Алабайдын алтын эстелигин ачкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости