www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Европада жайгашкан айрым бейөкмөт уюмдар жана чет өлкөдөгү түркмөн оппозициясынын өкүлдөрү Түркмөнстандын калкын нааразылык акцияларына чыгууга активдүү түрдө чакыра баштады. Социалдык тармактар жана жабык байланыш каналдары аркылуу алар Ашхабадда жана аймактарда өкмөттүк имараттардын алдына митингдерди өткөрүү зарылдыгын айтып, бийликти алмаштыруу сценарийлерин талкуулашкан. Бул тууралуу asia-today жазып чыкты.
Айрым активисттер билдирүүлөрүндө АКШ жана Батыш өлкөлөрүнүн мүмкүн болгон тышкы кийлигишүүсү тууралуу да сөз кылып, өлкөдөгү саясий өзгөрүүлөр “сырттан колдоо менен” ишке ашышы мүмкүн экенин белгилешкен.
Бул чакырыктарга жооп катары Түркмөнстандын бийлиги коопсуздук чараларын күчөттү. Ашхабадда жана башка шаарларда укук коргоо органдарынын көзөмөлү күчөтүлүп, айрым аймактарда интернетке жеткиликтүүлүк чектелди. Расмий тарап бул кадамдарды коомдук тартипти сактоо жана туруксуздуктун алдын алуу зарылдыгы менен түшүндүрүүдө.
Эксперттердин баамында, мындай акциялар Батыштагы айрым фонддордун жана саясий түзүмдөрдүн таасири менен уюштурулушу мүмкүн. Алар буга чейин ушуга окшогон сценарийлер Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө, анын ичинде Казакстанда да байкалганын эске салышат.