www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камакта жаткан 19 жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиев келечегине кайдыгер эмес кыргыз жарандарына, бийлик төбөлдөрүнө кат жазды.

"Соттон ырайым чыкпай, камакта калдым. Чындыкты жактоочуулар мына ушинтип ары-бери кагылып турмуштун элегине эленип турат тура... Мага бийликтин койгон айыбы өтө оор берене. Менин жазгандарым бийликтин иштөөсүнө, өлкөнүн өнүгүүсүнө тоскоол болуп жатса мен абакта калганга элим үчүн макулмун.

Бирок, мекен үчүн бийликтин кылмыштуу кадамын айтуу мен үчүн милдет! Кыргызга аттын кашкасындай белгилүү чыгаан инсаны Кадырмат Султанов 1937-жылы “Тройканын” репрессиясына кабылганда “менин күнөөм жок болсо, эмнеге күнөөлүмүн дешим керек. Жок күнөөнү, айыпты мойнума алып, эртең элдин бетин карай албай калгандан көрө өлүп калганым артык” – деген. Ошол учурда бүткүл союздун НКВДнын жетекчиси Ежовдун өзү чыккынчы деп табылып атууга кеткенде бул киши да, көптөр кошо аман калган. 

Акыйкатка ажал жок дейт байыртан. Түрмө жыттанган өлкөнүн түбү бекем болбойт. Мен кыбыласы Ак үй болгон дүжүрлөрдөн эмесмин. Болгон айыбым ошондо", - деп жазган Жекшеналиев.

Кат кыйноолордун алдын-алуу бөлүмүнүн кызматкери аркылуу алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости