www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-министр, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевдин камакта жаткан кызы Мээрим Узакбаева ачкачылык жарыялаган жарыялаганын адвокаты Акынбек Ногоев айтып чыкты.

— Эки айдан бери убактылуу кармоочу жайда жатат. Андан бери тергөө иштери - суракка чакыруу, күбөлөр менен беттештирүү болгон жок. Мээрим Узакбаева ачкачылык жарыялап, убактылуу кармоочу жайдын жетекчилигине арыз берди, - деди адвокат.

Мээрим Узакбаевага мамлекеттик ишканалардын мыйзамсыз менчиктештирилүүсүнө байланыштуу кылмыш иши козголгону кабарланган.
Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголуп, 20-мартта кармалып, камакка алынган.

Шектүүгө Бишкектин Тоголок Молдо көчөсүндөгү 5 кабаттуу имаратты, Сыдыгалиев көчөсүндөгү “Кыргызайылкөмөк” акционердик ишканасын имараттары жана жерлери менен жалпы 9 гектар, ошондой эле Махатма Ганди көчөсүндөгү “Баят” базарын 9 гектар жери менен мыйзамсыз менчиктештирүү боюнча айып тагылган.

Мээрим Узакбаева мурдагы айыл чарба министри, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевдин кызы. 

Эмилбек Узакбаев “75чилердин катына" байланышкан иштин алкагында 11-февралда кармалган. Ага “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылууда

Последние новости