www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түрмөгө түшпөй кимдер көзөмөлдөнөт?

Анча оор эмес кылмыштарга шектелгендер камакка алынбай эркиндикте көзөмөлдөнөт. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, Юстиция министрлиги Кыргызстанда кылмышка шек саналган адамдарды көзөмөлдөө үчүн колдонула турган электрондук билериктерди сыноодон өткөрүп жатат.

Кылмыш процессине электрондук билериктерди киргизүү жөнүндө сунуш кылган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш колдоп, документ кабыл алынса иш бир топ жеңилдейт. Министрлик электрондук билериктер үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүдө натыйжалуу экенин кошумчалады. Мындай билерик тагылган адамдын кайда жүргөнү аныкталып, кайсы бир аймактарга баруусун чектейт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости