www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ноокат районундагы Арал айылында таттуу токочтон ууланып, ооруканага түшкөн бир үй-бүлөнүн төрт баласынын анализинин жыйынтыгы чыкты. Бул маалыматты Ноокат жана Араван райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жетекчиси Нурлан Орозалиев тастыктады.

Анын айтымында, "Бар бол" кондитердик ишканасына айып пул салынды.

Лабораториялык текшерүүнүн жыйынтыгында аталган ишкана өндүргөн торттун курамында стафилококк (золотистый стафилококк) инфекциясы бар экендиги аныкталды.

Жыйынтыгында ишканага 7,5 миң сом айып пул салынып, аталган ишкананын тортун саткан дүкөндөрдүн ээлерине эскертүү берилди.

Эске сала кетсек, Ноокат районунун Арал айылында үй-бүлөдөгү төрт бала 2-май күнү апасы дүкөндөн сатып келген быштак кошулган токочту жегенден кийин абалы начарлап, 5, 8, 9 жана 10 жаштагы балдар куса баштаган. "Бар болдун" айрым азыктары Ноокат районундагы соода жайларынан сатыктан алып салынган. Учурда аталган аймакта тамак-ашты сактоо эрежелери боюнча соода жайларында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости