www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эрдоган:

Түркия Финляндия менен Швециянын НАТОго кирүү мүмкүнчүлүгүнө азырынча оң көз карашта боло албайт. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Режеп Тайип Эрдоганга шилтеме берип РИА Новости жазды.

Анын айтымында, Түркия кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү улантууда.

"Анткени буга чейин Грецияга байланыштуу мүчүлүштүк болгон. Грециянын Түркияга карата альянстагы жүрүм-туруму тууралуу билесиздер. Биз экинчи ката кетиргибиз келбейт", — деп түшүндүрдү түрк президенти.

Эрдоган Скандинавия өлкөлөрү террорчуларга көп учурда “меймандостук” мамиле жасап, аларга парламенттен орун берип жатканын баса белгиледи. Ушул себептен улам, президент белгилегендей, Түркия Түндүк Атлантика альянсына эки жаңы өлкөнүн киришине азырынча терс көз карашта.

Түркия каршы чыкса, Финляндия менен Швеция НАТОго кире албайт. Альянска жаңы мүчөлөрдүн пайда болушу үчүн уюмдун бардык мүчөлөрүнүн макулдугу керек. Эксперттер Эрдогандын билдирүүсүн Орусия үчүн позитивдүү учур деп баалашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости