www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү журналист Алмаз Темирбек, билим берүү министри Алмаз Бейшеналиевге оңтойсуз суроолорун узатты.

- Урматтуу билим берүү министри Алмаз Бейшеналиев мырза, сиз кыргыз тили, адабияты, тарых, географиясына каршысызбы?

Же билим берүү тармагы дал ушул кыргыздын, кыргыз мамлекетинин өзөгүнө тиешелүү предметтик сабактардын айынан өнүкпөй, артка кетип жатыптырбы? Ушул предметтердин саатын, программасын кыскартып, кыргыз тилинен, тарыхтан берчү мамлекеттик экзамендерди жоюп, ушул сабактардан берген мугалимдердин айлыгын англис тили, орус тили, математика, физика, химия, информатика сабагынан берген мугалимдердикинен төмөн кылып реформа жасаганда, билим берүү тармагы өнүгүп, оожалып кетет бекен?

Билим берүү тармагынын өнүгүшүнө кыргыз тили, адабияты, тарых сабактары тоскоолдук жаратып, кыргыз адабиятынын саатын кескин кыскартып, анын ордуна дүйнөлүк адабиятты окутканда оңолот бекенбиз?

Батыш: "Грант берип жатабыз кыргыз тилин, кыргыз адабиятын, тарыхын, географиясын окутпагыла," - дедиби? Анан сиздер реформа кылып жатабыз деп кыргыздын улуттук баалуулуктарын окутуп-тааныткан сабактарды балталап, канат куйругун кескилеп жатасыңарбы?

Министр мырза, ушулбу сиздин реформаңыз? Сиз реформанын чапанын жамынып, кыргызга каршы диверсиялык максатты ишке ашырайын деген "жоругу бузуктардан" эмессизби?

Эгер чындап ниетиңиз кыргызга ак болсо, улуттун уңгусун түзгөн, окутуп-үйрөткөн сабактардын сапатын көтөрүп, саатын көбөйтүп, айлыгын жогору кылып, милдеттүү түрдө кыргыз тили, адабияты, тарыхынан мамлекеттик экзамен тапшырууну күчтөндүрүү керек деп эсептейм, - дейт Алмаз Темирбек.

Маселени кабыргадан койгон, курч суроолорго кабинетинен чыкпаган министр кандай жооп берет азырынча белгисз. Баса, министр учурда социалдык тармакта ызы-чуу болгон Өзбек Чотоновдун мектептерге барып даават айтканы тууралуу үн ката элек. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости