www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбор калаадагы №1 төрөт үйүндө полго жыгылган бала канааттандырарлык абалда үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык жардам жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева билдирди.
Анын айтымында, ымыркай эмчекти активдүү эмип жатат жана рефлекстери жакшы.
"Кыймылдары да жакшы. Бала толук кароодон өттү. Учурда ал апасы менен үйдө. Баланын ден соолугу дагы да көзөмөлдө болот", — деди Асылбашева.
"Профессор Нурмухамед Бабажанов келечекте эч кандай кыйынчылык болбошу керектигин айтты. Көзүнүн көрүүсү жакшы, колу-буту кыймылдап жатат. Бирок биз аны көзөмөлдөөнү улантабыз, педиатрлар жашаган жери боюнча поликлиника байкоо жүргүзүшөт», - деп кошумчалады ал.
Эскерте кетсек, буга чейин соцтүйүндөрдө Бишкек шаарынын тургуну төрөт учурунда ымыркайы жерге кулап түшкөнүн жазган. Анын айтымында, дарыгерлерге толгоосу башталганын алдын ала айткан, бирок эч ким жардамга келбей койгон.
Булак: NazarNews.kg