www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 7-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам тарыхый мекенине кайтууну каалаган этникалык кыргыздарга колдоо көрсөтүү маселелеринде көчүрүп келүү процессин жакшыртуу, жөнөкөйлөтүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.

Эми Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери кайрылман статусун ыйгаруу үчүн талапкерлердин арыздарын жана башка документтерин кабыл алат жана алар катталган күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде аларды Кыргыз Республикасынын миграция боюнча ыйгарым укуктуу органына жөнөтүшөт.

Ошондой эле этникалык кыргыздарда жана кайрылмандарда бажы чек арасы аркылуу жеке пайдаланууга арналган өздүк автотранспорт каражаттары менен өтүүгө мүмкүнчүлүк жаралды.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости