www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көлдөн 115 күндө 10 тонна 405 килограмм таштанды чыгарылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде ӨКМдин суучулдары көлдү тазалоону жигердүү улантууда.
Азыркы тапта Чолпон-Ата шаарындагы, Кара-Ой айылындагы муниципалдык жана жеке менчик эс алуу жайларына караган көл түбү тазаланууда.
Эс алуу жайларын атай кетсек, «Ак-Бермет», «Рахат», «Алтын-Көл», «Элинг», «Евразия» жана ден соолукту чыңдоо жана “Мөлтүр” кемеси токтоочу жайдын суу түбү текешерилип, тазаланды.
17-июлда 115 күн ичинде Ысык-Көлдүн 215 миң гектарга жакын аянт тазаланып, көл түбүнөн 97 600 метр балык уулоочу тор, 10 тонна 405 кг таштанды чыгарылды.
Булак: NazarNews.kg