www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Куданын кудурети күчтүү болуп, мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун учурунан бери, иши жүрүп, ити чөп жеп, ээрден түшпөй келе жаткан Бишкек шаарынын Ленин районунун мурдагы акими Мураталы Тагаев өзү башкарган райондон Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышканы жатканы кеп болууда.
Бийлик дал ушул Тагаевге сүрөөнчү болоору айтылып жатат. Бирок жайдын 40 градус аптабында шаар тургундарын акактатып суусу жок калтырган акимди эл шайлайт болду бекен? Аким катары түздөн-түз милдети болгон маселени чече албаган мажүрөө неме, Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлап койсоңор, суу чыгарып берем деп элдин кулагына кантип кесме илгени жатат? Буларда бет, уят деген такыр жок тура.
Сыягы, Тагаев буга дейре кудасы Асылбек Жээнбековго таянып, Жалал-Абадда бирде шаардын депутаты, бирде мэр болуп шайланып, шайлоодо өз каалаганындай тайраңдап максатына жеткендей, Бишкекти дагы ошондой элестетип жатат окшойт.
Деги эле, Тагаев өз ишинин майын чыгарып кыйратканын эч ким көргөн эмес. Жалал-Абад шаарынын мэри болду. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими кызматын аркалады. Андан соң ушул жылдын март айында Бишкек шаарынын Ленин районда акими болуп дайындалып, учурда ал кызматтан бошотулду.
Дал ушул райондун бир канча калктуу конуштарында айлап суу жок. Эл көчөгө митингге чыгып, жол тосуп, алды камалып жатат. Бул отурду мурдун балта кеспей. Анан кайсы арына депутат болом деп жанталашып жатты экен?..
Айткандай, Тагаев амбициясын ооздуктай албай акимдик кызматын өткөрүп берип, депутаттыкка ат салышса, ордуна Аксы районунун акими, Жогорку Кеңештин төраганын иниси Шакиев Жыргалбек келди.
Деги, кызмат чоңдордун ага-тууган, куда-сөөгүнөн артабы? Улам биринин тууганы, кандай кызмат бошосо басып жыгылып калат. Ошого жараша иштешсе бир жөн.
Булак: NazarNews.kg