www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түшүбүздө көбүнчө бизге тааныш эмес адамдарды көрөбүз

Адамдардын 12 пайызы ак түштү кара түстө көрүшөт. Бардык адамдарга окшош болуп кирген түштөрдүн топтору бар, алар: жумушта же окууда болуп жаткан окуя, бирөөдөн качып бараткан, бийиктиктен кулап кетүү, тиштин түшүп калуусу, асманда учуу жана башка.

Түшүбүздө көбүнчө бизге тааныш эмес адамдарды көрөбүз, бирок биз аларды качандыр бир чыныгы жашоодо жолуктурганбыз. Түшүбүздүн 90 пайызын унутуп калабыз. Түш көрүп ойгонор замат түшүбүздүн жарымын эстей алабыз, ал эми 10 мүнөт өткөн соң араң 10 пайызын билген болобуз.

Көзү азиздер да түш көрүшөт. Төрөлгөндөн кийин бир нерседен улам көзү көрбөй калган адамдар түштү кадимки адамдардай эле көрүшөт, ал эми тубаса азиздерге түш башкача болуп кирет.

Сүрөттөлүп көрүнбөсө да алардын түшү жыттарга, добуштарга, сезимдерге бай болот. Адам коңурук тартып жатканда түш көрбөйт. Адамдардын жарымы жок дегенде бир жолу түштүн ичинен түш көрүшкөн. Түш адамга эмне үчүн кирерин азыркыга чейин бир да окумуштуу изилдеп таба элек.

Булак: Азия News гезити

Последние новости